Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды. Чемпионат Кытайдын Гоконг шаарында 20-апрелден 23-апрелге чейин өтүүдө.   Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров мелдешке 90 кг салмак ченинде 1/8 финалдан тарта катышып, индиялык спортчуну жеңип алды. Ал эми чейрек финалда кыргызстандык дзюдочу ливандык Карамнобу… Кененирээк…

Кыргызстандык эки балбан Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Быйыл Парижде өтө турган Олимп оюндарына кыргызстандык балбандар Бекзат Алмаз уулу жана Эрназар Акматалиев да жолдомо алды. Эркин күрөш боюнча Бекзат Алмаз уулу лицензия үчүн күрөштө монголиялык Мункх Эрдене Батхуягды жеңди. Ал эми Эрназар Акматалиев Түндүк Кореядан келген Кванг Жин Киманы утуп алды.   Ушуну… Кененирээк…

Кыргызстандык үч балбан Олимпиадалык жолдомо үчүн күч сынашат

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана Орозобек Токтомамбетов Бишкекте өтүп жаткан Азиялык квалификациялык мелдешинин жарым финалына чыгышты.   Белгилеп кетсек, бул мелдеште финалга чыккан спортчулар автоматтык түрдө Олимп оюндарына жолдомо алат.

Бишкекте бүгүн күрөштүн үч түрү боюнча лицензиялык турнир старт алат

Бишкекте бүгүн күрөштүн үч түрү боюнча лицензиялык турнир старт алат. Спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештерге 20 мамлекеттин спортулары катышат, анын ичинде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Япония, Кытай, Индия, Катар жана башкалар бар.   Жеңишке жеткендер Парижде жайында өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алышат.

Президент Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барды

Президент Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барды. Президентти Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды. Сапардын алкагында президент Казакстандын башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкөнүн Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин VI жыйынына катышат. Ошондой эле Жапаров менен Токаевдин катышуусунда Астананын борбордук көчөлөрүнүн биринде Манастын… Кененирээк…

Бүгүн футзал боюнча Азия кубогу башталат

Бүгүн, 18-апрелде, Таиландда Кыргызстандын улуттук курама командасынын катышуусунда футзал боюнча Азия кубогу башталат. Бул турнирдин 17-чыгарылышы. Мында Кыргызстандын курама командасы Япония, Тажикстан жана Түштүк Кореянын командалары менен бир группада беттеше турган болду. Оюндун Бишкек сааты боюнча графиги: Япония менен Кыргызстандын беттеши — 18-апрелде саат 17:00дө;… Кененирээк…

Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулар жалпы 14 медалга ээ болду

Бишкекте эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. 11-апрелде башталган спорттук иш-чарага 20га жакын мамлекеттин курама командалары катышты.   Кыргызстандын байге куржунунда жалпы 14 медаль бар, анын ичинен 4 — алтын, 3 — күмүш жана 7 — коло.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Азия чемпионатында медалдык зачетто экинчи орунду ээледи

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Азия чемпионатында медалдык зачетто экинчи орунду ээледи. Команда 144 упай топтоду. 200 упайы менен биринчи орунду Ирандын курамасы алды, үчүнчү орунда Япония жайгашат.   Биздин кураманын капчыгында 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медалдар бар. Алтынды Жоламан Шаршенбеков алса,… Кененирээк…

Раззак Бейшекеев Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде күмүш медаль багындырды

Раззак Бейшекеев Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде күмүш медаль багындырды. Финалдык бетеште ал ирандык балбан Саед Мурад Исмаилиге 3:1 эсеби менен жеңилип калды.   Спортчу жүрүшүн 67 килограмм салмак категориясында турнирдин 1/8 стадиясынан баштап, Монголия, Казакстан, Түштүк Корея өлкөлөрүнөн келген балбандарды жеңген.

Жоламан Шаршенбеков Азиянын үч жолку чемпиону болду

Балбан Жоламан Шаршенбеков Азиянын үч жолку чемпиону болду. Ушул тапта Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында ал финалда япониялык Каито Инабаны 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.   Жоламан Шаршенбеков бул мелдеште жалпы 41 балл алып, атаандаштарына бир да балл уттурган жок.   Белгилеп кетсек, спорттук… Кененирээк…