Президент Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барды

Президент Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барды. Президентти Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды.

Сапардын алкагында президент Казакстандын башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки өлкөнүн Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин VI жыйынына катышат. Ошондой эле Жапаров менен Токаевдин катышуусунда Астананын борбордук көчөлөрүнүн биринде Манастын эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземи өтөт.

 

Иш сапарга карата «Кыргызстан – Казакстан» бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенциянын тегерек столу, кыргыз-казак жаштар форуму, Жусуп Абдрахмановго арналган илимий-практикалык конференция, окумуштуулардын «Кыргызстан менен Казакстандын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүдө илимдин өнүгүшүнүн келечеги» форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар арналган.