Раззак Бейшекеев Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде күмүш медаль багындырды
Раззак Бейшекеев Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде күмүш медаль багындырды. Финалдык бетеште ал ирандык балбан Саед Мурад Исмаилиге 3:1 эсеби менен жеңилип калды. Спортчу жүрүшүн 67 килограмм салмак категориясында турнирдин 1/8 стадиясынан баштап, Монголия, Казакстан, Түштүк Корея өлкөлөрүнөн келген балбандарды жеңген.