Кыргыз-тажик чек арасында көзөмөл күчөтүлдү

Кыргыз-тажик чек арасында көзөмөл күчөтүлдү.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдиргендей,

Тажикстанда коронавирус тездик менен жайылып жатканына байланыштуу,

чек ара күчөтүлгөн режимде көзөмөлгө алынып, кызматкерлердин саны көбөйтүлдү.

Өлкөдө акыркы суткада коронавирус жуктурган 28 адам катталды.

Алардын төртөө Тажикстанда жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер.

Мындан тышкары Тажикстанга жүк ташып иштеген

Лейлек районунун тургундары да илдетке чалдыккан.