Кыргызстандын мамлекеттик чек ара тилкелеринде абал туруктуу

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара тилкелеринде абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, чектеш аймактарда жаңжал чыгууда деген маалымат чындыкка дал келбейт, учурда социалдык тармактарда эски видео тарап жатат.

 

Эске салсак, 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун тургундары арасында жаңжал катталып, кыргыз тараптан 25 адам жабыркаган.