COVID-19 менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине бюджеттен 50 миллион сом бөлүнөт.
Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ага ылайык,
кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда коронавирус инфекциясын жугузуп алган
медицина жана башка кызматкерлерге эки жүз миң сом, каза болгон учурда үй-бүлөсүнө
бир миллион сом өлчөмүндө жөлөк пул берилет. Компенсацияларды төлөөдө алгач атайы
комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү жүргүзүлөт. Кошумчаласак,
өлкөдө 221 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды.