Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, Баткендин Мойнок аймагына Тажикстандын “Ворух” анклавынын жашоочулары мал жаюуга аракет кылды.

 

Буга Кыргызстандын чек арачылары жол бербей койгондо, тажик тараптан белгисиз адамдар кыргыз чек арачыларын көздөй ок чыгарды. Чек арачылар жабыркаган жок. Тараптар окуяны териштирүүдө.

 

Эске салсак, 8-майда кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү жашоочулар Чек айылында 50 сотых жер талашуудан жажал чыгып, Кыргызстандын 3 чек арачысы жабыркаган.