Дүйнөдө вирусту жуктургандардын саны 3 миллион 751 миң 69га жетти

7-майга карата дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 3 миллион 751 миң 69га жетти. Алардын 1 миллион 241 миң 854ү ооруканадан сакайып чыкса, 263 миң 346 адам каза болду.

 

Коронавирус илдети эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда учурда 1 миллион 228 миң 177 адам оору жуктурган. Андан 189 миң 910 бейтап ооруканадан айыгып чыгып, 73 миң 207 бейтап вирустан көз жумду.

 

Испанияда 220 миң 325 адам коронавирус илдетин жуктуруп, 126 миң 2 бейтап ооруканадан сакайып чыкты. Ал эми инфекциядан каза болгондордун саны 25 миң 857ге жетти.

 

Италияда болсо коронавирус менен ооругандардын саны 214 миң 457ге жетип, 93 миң 245 адам ооруканадан чыгарылды. Тилекке каршы, 29 миң 684 адам коронавирус илдетинен дүйнө салды.

 

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.