Кыргыз-казак чек арасында жарандарды өткөрүүдө текшерүү күчөтүлөт

Кыргыз-казак чек арасында жарандарды өткөрүүдө текшерүү күчөтүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Анын айтымында, мындай чектөөлөр жүк ташууга, өзгөчө биринчи кезекте зарыл болгон азык-тулүктү өткөрүүгө тиешелүү эмес.

 

Эске салсак, бүгүнтөн тарта Казакстанда чукул кырдаал режими киргизилди. Анын алкагында, коңшу өлкө өз аймагына кирүүгө чектөөлөрдү киргизди. Бүгүнкү күнгө карата Казакстанда 9 адамда коронавирус катталды.