Кыргызстан мектептеринде “акыркы коңгуроо” 25-майда кагылат
Кыргызстан мектептеринде “акыркы коңгуроо” 25-майда кагылат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, салтанаттуу линейка эртең мененки саат 9да башталат. Ведомстводон белгилешкендей, мектеп жетекчилигине жана мугалимдерге иш-чараларды өткөрүү үчүн акча чогултууга тыюу салынат.