Барак эксклавынан көчүрүлгөн кыргызстандыктарга мамлекет үй куруп берет

Барак эксклавынан көчүрүлгөн кыргызстандыктарга мамлекет үй куруп берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев билдирди.

 

Анын айтымында, турак-жайлар Өзбекстан менен алмашылган 208 гектар жерге салынат. Учурда бул жердин долбоору толук иштелип чыкты. Жалпысынан мамлекеттик бюджеттен 270 миллион сом бөлүндү.

 

Турак жайлар 31-августка чейин курулуп бүтөт, — деди Жантаев. Эске салсак, эксклавдагы кыргызстандык жарандарды көчүрүү иштери 14-апрелде аяктады.