Бишкекте студенттерге коомдук транспортто жүрүүдө жеңилдик берүү пландалууда

Бишкекте студенттерге коомдук транспортто жүрүүдө жеңилдик берүү пландалууда.   Тийиштүү ченемдик-укуктук акт мэрия тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Маалыматка ылайык, учурда “Тулпар” карталарындагы льготалар окуучуларга жана пенсионерлерге гана берилет.   Учурда коомдук транспортто жүрүү үчүн стандарттуу күндүк, жумалык жана жылдык карталарын, ошондой эле студенттик карталарды киргизүү… Кененирээк…

Санкциялардан улам Кыргызстанда “Мир” картасы 5-апрелден тарта иштебейт

“Мир” картасы Кыргызстанда 5-апрелден тарта иштебейт. Бул туурасында Банктар аралык процессинг борбору (“Элкарт” төлөм системасынын оператору) билдирди. Февралдын соңунда АКШ Россиянын “Мир” (“Улуттук төлөм карталар системасы” АА) карталарынын операторуна санкция киргизген. Кыргызстанда экинчи санкцияларды салуу тобокелчилигин азайтуу үчүн өз ара кызматташууну жана тейлөөнү токтотуу чечими… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кытай тараптын демилгеси менен майрамга байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү түйүндөрү 4-апрелде чектелет.   5-апрелден тарта кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү кайрадан жанданат.

Кыргызстанда Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун экинчи этабы башталды

Кыргызстанда Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун экинчи этабы башталды.   Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 1-майга чейин өткөн жылдын кирешеси боюнча отчетту физикалык жактар жана жеке ишкерлер тапшырат.   Декларацияда кирешеден тышкары чыгашалар, экономикалык ишмердүүлүк, мүлк, жер тилкелери жана төлөнгөн салык милдеттенмелери жөнүндө маалымат көрсөтүлүшү керек.

Мамлекеттик салык кызматы бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча иштин күчөтүлгөн тартибине өттү

Мамлекеттик салык кызматы бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча иштин күчөтүлгөн тартибине өттү.   Ведомство маалыматына ылайык, салык органдары 1-апрелге чейин эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин иштейт.   Эске салсак, юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жана өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк… Кененирээк…

“Талас” аэропортун оңдоо иштери толугу менен аяктады

“Талас” аэропортун оңдоо иштери толугу менен аяктады. “Манас” эл аралык аба майдандын маалыматына ылайык, жаңы курулган аэробекет саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алат.   Учуп-конуу залдары өзүнчө бөлүнгөн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жүргүнчүлөргө бардык шарттары менен жасалган. Ал ички каттамдарды тейлөөгө багытталган. Өткөн жылы сатып алынган Dash-8-400… Кененирээк…

Кыргызстан бензиндин баасы боюнча дүйнөлүк рейтингде 23-орунда жайгашты

Кыргызстан бензиндин баасы боюнча дүйнөлүк рейтингде 23-орунда жайгашты. Global Petrol Prices аналитикалык порталы түзгөн тизмеге ылайык, биздин өлкөдө күйүүчү май орто эсеп менен 78 цент, же 70 сом 27 тыйынды түзөт.   Дүйнөдөгү эң арзан бензин Иранда – бир литри болгону 2 сом 60 тыйын… Кененирээк…

“Бишкек башкы архитектура” Ала-Тоо аянтын жаңылоонун эскизин даярдап жатат

“Бишкек башкы архитектура” Ала-Тоо аянтын жаңылоонун эскизин даярдап жатат.   Долбоорго ылайык, фонтандардын негизинде жаңы суу күзгүсүн жаратуу пландалууда.   Андан тышкары, аянтты жашылдандыруу, катмарын жаңыртуу жана амфитеатр куруу каралган. Коммерциялык объектилерди, китепканаларды жана коворкинг-борборлорду жайгаштыруу үчүн өзүнчө аймак бөлүнөт. Ошондой эле, Киев көчөсүнүн Чыңгыз… Кененирээк…

Мигранттар үчүн мамлекеттик ипотека алуу үчүн электрондук арыз толтуруу процедурасы жөнөкөйлөтүлөт

Мигранттар үчүн мамлекеттик ипотека алуу үчүн электрондук арыз толтуруу процедурасы жөнөкөйлөтүлөт.   Бул тууралуу 24 агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти. Арыз толтурууда смс билдирүү жөнөтүү үчүн кыргызстандык оператордун номери талап кылынат.   Мигранттарга атайын виртуалдык сим-карта киргизилет. Эске салсак, мигранттар үчүн “Үлүштүү курулуш” механизми жеткиликтүү.… Кененирээк…

Кыргызстанда баш кошуунун алдында нике келишимин түзүү сунушталды

Кыргызстанда баш кошуунун алдында нике келишимин түзүү сунушталды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иштеп чыккан жаңы Үй-бүлө кодексинин долбооруна ылайык, келишим жазуу түрүндө түзүлөт жана нотариалдык жактан ырасталууга тийиш.   Анда жубайлардын жашоо тартиби, анын ичинде ажырашкандан кийинки укуктары жана милдеттери камтылат.   Ошондой… Кененирээк…