Кыргызстанда чет өлкөлүк жана башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар үчүн жеңилдетилген визалар бериле баштайт

Кыргызстанда чет өлкөлүк жана башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар үчүн жеңилдетилген визалар бериле баштайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.   Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев виза берүүнүн жаңы нускамасына кол койду.  15-январдан тартып күчүнө кирчү документке ылайык, кыргыз улутундагыларга “Туугандык виза”, “Мекен виза” жана “Мейман виза”… Кененирээк…

Кыргызстандын магистралдары кыймылга ачык

Кыргызстандын магистралдары кыймылга ачык. Бизге Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, эл аралык маанидеги жана ички жолдордо аба-ырайына байланыштуу чектөөлөр киргизилген жок.   Бишкек-Ош трассасында жолчулар тынбай иштеп, карды тазалап жатышат. Иштер ошондой эле, Талас-Тараз-Суусамыр жолунда жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын топтору кооптуу тилкелерде… Кененирээк…

“Жеткиликтүү турак-жай” программасынын катышуучулары жаңы батирлерге көчүп кире баштады

“Жеткиликтүү турак-жай” программасынын катышуучулары жаңы батирлерге көчүп кире баштады. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, ордо калаанын “Тунгуч” кичи районунда 9 кабаттуу үй колдонууга берилди.   Бюджеттик мекемелерде иштегендерге батир сатып алуу кыйынга тургандыктан, дарыгерлер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер турак-жайды “кийин сатып алшуу шарты менен ижара”… Кененирээк…

Убактылуу айдоочу күбөлүктөрдүн мөөнөтү 15-февралга чейин узартылды

Убактылуу айдоочу күбөлүктөрдүн мөөнөтү 15-февралга чейин узартылды. novosti.kgге Мамлекеттик каттоо кызматынын басма-сөз катчысы Адилет Бейшеналиевдин айтымында, тиешелүү жарлык өкмөттө жактырылды.   Муну менен, убактылуу айдоочу күбөлүктөрүн алган жарандар ушул күнгө чейин документтерин алмаштырып алса болот. Эске салсак, буга чейинки мөөнөт 31-декабрда аяктамак.

Кыргызстанда оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта колдонууга тыюу салуу мөөнөтүн 2025-жылга чейин узартуу сунушталып жатат

Кыргызстанда оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта колдонууга тыюу салуу мөөнөтүн 2025-жылга чейин узартуу сунушталып жатат. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште коомдук талкууга чыгарылды.   Оң рулдуу унааларды такси катары пайдаланууга тыюу салган мыйзам 2013-жылы кабыл алынып, күчүнө 2016-жылдын  1-январында кирген. Анда айрым депутаттар ИИМде документтерди колдонуу… Кененирээк…

Калктын аярлуу катмарына нан арзандатылган баада сатылат

Калктын аярлуу катмарына нан арзандатылган баада сатылат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы “Келечек” мамлекеттик ишканасы камкордук акциясын жарыялады. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.   Акцияга ылайык, пенсионерлер, социалдык коргоого муктаж адамдар, студенттер, ардагерлер жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр өздөрүн күбөлөндүргөн документтер аркылуу Кыргызстандын чоң шаарларында арзан… Кененирээк…

«Сосновка» постунда 200 кишиге ылайыкталган жылынуу түйүнү ачылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек — Ош жолунда кышкысын айдоочулар үчүн кандай шарттар түзүлгөнүн айтып берди. Кеп автотыгындарга жана өзгөчө кыдаалдарга (кар көчкү, таштын кулашы сыяктуу) даярдык тууралуу болуп жатат. «Сосновка» постунда 200 кишиге ылайыкталган жылынуу пункту ачылды. Ал жерде айдоочулар менен жүргүнчүлөргө тамак-аш берилет. Кара-Балта… Кененирээк…

Жаңы үлгүдөгү айдоочу күбөлүктөрүнө арыздар кабыл алына баштады

Бүгүнтөн тарта жаңы үлгүдөгү айдоочу күбөлүктөрүнө арыздар кабыл алына баштады. Бул тууралуу novosti.kgге Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, арыз кабыл алынгандан кийин, жарандар жаңы документти 4 күндөн кийин колуна алат.   Убактылуу күбөлүк менен жүргөн айдоочулар 31-декабрга чейин жаңы документ алышы керек. Буга байланыштуу,… Кененирээк…

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздар тууралуу маалыматы эми онлайн форматта жеткиликтүү

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздар тууралуу маалыматы эми онлайн форматта жеткиликтүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Ага караганда, 9-декабрдан баштап карыздар жөнүндө Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу электрондук түрдө маалыматты берүү боюнча сервис иштеп баштайт. Бул электрондук кызмат субъекттер үчүн убакытты үнөмдөөгө жана кезекте туруу зарылдыгы… Кененирээк…