Билим берүү министрлиги 12 жылдык окууну этап-этабы менен киргизүү боюнча токтом долбоорун даярдап, коомдук талкууга койду

Билим берүү министрлиги 12 жылдык окууну этап-этабы менен киргизүү боюнча токтом долбоорун даярдап, коомдук талкууга койду.  Ведомствонун маалыматына ылайык, токтом окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.

 

Ал үчүн мектептик билим берүүнүн мазмуну жаңыланат. Министрлик ушул жылдын июнь айына чейин 5-6 жашка чыккан балдардын санын эсепке алып, анализ жүргүзүүнү пландоодо. Мугалимдер да жумушка алынат.