“Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу сынактары 11-майда башталат.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, аталган окуу жайына кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлүп, мектепте 6-8-класста “жакшы” жана “эң жакшы” баага окуган окуучулар катыша алат.
Тандоонун жыйынтыгында лицейге 6-класстар арасында эң жогорку балл алган 72 окуучу, 8-класстардын ичинен 48 окуучу кабыл алынат.