Бишкек мэриясы жаңы автобус жана троллейбустарды сатып алуунун варианттарын караштырууда.
Вице-мэр Азизбек Алымкулов билдиргендей, учурда 4 вариант каралууда – 15 жылга лизинг, Евразиялык өнүктүрүү жана кайра калыбына келтирүү банкынан насыя алуу, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен иштешүү жана жергиликтүү бюджеттен акча бөлүп, накталай сатып алуу.
Эске салсак, өтүп кеткен Бишкекке 60 жаңы автобус жеткирилди.