Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” өткөрүү бекетинде мобилдик бригада нөөмөттө турат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” өткөрүү бекетинде мобилдик бригада нөөмөттө турат.

Бул тууралуу “Турмуш” басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы

координатору Бейшекан Жайылмышова билдирди. Анын айтымында, бригаданын курамына

эпидемиологдор жана ветеринарлар тобу кирди. Дарыгерлер чек арадан өтүп жаткан жарандарда

ковиддин бар жоктугун текшерип жатат. Азырынча вируска кабылгандар катталган жок.

Эске салсак, “Каркыра” көзөмөл өткөрүү түйүнү 1-апрелден тартып ишин жандантты