Боршайком Кыргызстан президентине талапкер болгондорго талаптарын жарыялады

Боршайком Кыргызстан президентине талапкер болгондорго талаптарын жарыялады. БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, өлкөнүн башкы постуна талапкер 35 жаштан жогору, бирок 70ке чыга элек Кыргызстандын жараны болушу керек.

 

Андан тышкары, ал 15 жылдан бери Кыргызстан аймагында жашашы, мамлекеттик тилди эркин билиши шарт.

 

Ал эми президенттин билимине жана ден-соолугуна талаптар жок, — деди Бекматов. Эске салсак, Кыргызстанда президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоолор 10-январга белгиленди.