«110» түз байланыш аркылуу билим берүүгө тийиштүү маалыматтарды алса болот

Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү чөйрөсүндө калкка маалымат берүү үчүн түз байланыш телефонун ачат.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Тиешелүү чечим өкмөттүн жыйынында бекитилди.

Кабыл алынган чечимге ылайык, каалоочулар «110» кыска номердеги түз байланыш аркылуу чалып, Билим берүү жана илим министрлигине тийиштүү суроолорду берсе болот.