Бүгүн таңкы саат 5.22де Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.
Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жеткен.
Силкинүү Алай районунун Сары-Таш, Арча-Булак, Талды-Суу, Ак-Босого, Сары-Могол айылдарында 3 баллга, Кожо-Келен айылында 2 баллга чейин сезилген.
Андан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.