15-декабрдан тартып фейерверк сатуучу түйүндөр текшерилет

15-декабрдан тартып фейерверк сатуучу түйүндөр текшерилет. Бул тууралуу мамлекеттик өрткө каршы агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, пиротехникалык заттарды сатуучу дүкөндөрдүн сактоочу жайлары мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлери менен бирге текшерилет.

 

Эгер бузуулар катталса, товар тартылып алынат, ал эми сатуучулар административдик жазага тартылат.