Эл көп топтолгон жерлерде, базарларда жана коомдук транспортто беткап тагынбагандарга   чара көрүлөт

Эл көп топтолгон жерлерде, базарларда, соодо борборлорунда жана коомдук транспортто беткап тагынбагандарга  мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов  билдирди.

 

Ал белгилегендей, беткапсыз жүргөн жарандардын коронавирус инфекциясын жугузуу коркунучу жогору. Ошондуктан коомдук жайларда беткап тагынуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Белгилеп кетсем, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинен таза абада беткап тагынуунун кереги жок деп билдиришкен.