Кыргызстандын региондору ортосунда коомдук транспорт азырынча жүрбөйт

Кыргызстандын региондору ортосунда коомдук транспорт азырынча жүрбөйт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Ал эске салгандай, бүгүн Бишкек жана Ош шаарларында коомдук транспорт каттамдарга чыкты.

 

Автобус, троллейбус жана маршруттук таксилердеги башкы талап – айдоочулар дагы, жүргүнчүлөр дагы беткапчап, колкапчан болушу керек. Анын аткарылышына текшерүүлөр баймай-бай жүргүзүлүп турат.