Кыргызстанда дагы 4 адам коронавирустан айыкты.
Алар Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан
чыгарылды, — деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары
Нурболот Үсөнбаев. Маалыматка ылайык, бейтаптардан COVID-19
вирусуна кайталанып жасалган анализдердин жыйынтыгы таза чыкты.
Ал эми республика боюнча коронавирустан
айыккандардын жалпы саны 71 адамга жетти.