Мамлекеттик тышкы карызды жабуу үчүн ачылган депозиттик эсепке 13 миллион 332 миң сом которулду. Бул тууралуу “Акчабар” порталына Экономика жана каржы министрлигинен билдиришти.
Акыркы ыктыярдуу салым ушул жылдын 3-мартында катталып, 2 миллион сом түштү. Белгилеп кетүүчү нерсе эң чоң сумманы – 10 миллион сомду эсепке жергиликтүү жеке ишкер которгон.