БШК айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына тактоо киргизди

Борбордук шайлоо комиссиясы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана

чек араларына тактоо киргизди. Конституциялык мыйзамга ылайык, алдын ала

түзүлгөн шайлоочулардын тизмеси www.tizme.gov.kg порталында добуш берүүгө

80 күн калганда жайгаштырылат. Ал эми шайлоо участокторунда мындан 10 күн

эрте илинет. Эске салсак, өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленди.