Нарында 100 мегаваттык ГЭС куруу пландалууда.
Бул тууралуу аймактык башкармалыктан билдиришти.
Ага ылайык, станция Нарын дарыясынын жанындагы Куланак айылында жайгашат.
Жаңы курула турган ГЭС Ат-Башы суу электр станциясынан 2,5 эсе кубаттуу болоору күтүлүүдө.
Учурда бул жерде геологиялык изилдөөлөр жүрүп жатат.
Курулуш иштери кийинки жылдын жазында башталаары болжолдонууда.