Эл аралык сынакта кыргызстандык педагогдор биринчи орунду багындырышты

Эл аралык сынакта кыргызстандык педагогдор биринчи орунду багындырышты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Ага Бишкектеги мектептердин мугалимдери Махамадхан Ишматов жана Юлия Костырева катышып, алар 103 катышуучунун ичинен 69 упай топтоп, 1-орунга ээ болушту. Сынак математика, физика жана информатика мугалимдери арасында өттү. Эл… Кененирээк…

Кыргызстанда балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн кыска мөөнөттүү бөлүмдөр ачылды

Кыргызстанда балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн кыска мөөнөттүү бөлүмдөр ачылды. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти. Маалыматка караганда, республиканын улуттук борборлорунда, облустук жана аймактык бейтапканаларда узак мөөнөткө госпитализацияга муктаж болбогондорго түзүлдү. Учурда аймактык бейтапканаларда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда балдар үчүн 720… Кененирээк…

Нарындагы Ак-Талаа районунда 2 мектеп жылуулук мезгилине даяр эмес

Нарындагы Ак-Талаа районунда 2 мектеп жылуулук мезгилине даяр эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда айтылды деп 24 агенттиги билдирет. Маалыматка караганда, Жерге-Тал айылындагы мектептердин жылуулук берүү тармактары жараксыз. Мындай бүтүмдү Мамлекеттик экотехинспекциясы чыгарды. Андыктан окуучулар кыш мезгилин жылуулуксуз өткөрүп калышы ыктымал. Белгилеп кетсек, бир мектепте 500,… Кененирээк…

Кийинки жылы аймактарды өнүктүрүүгө 6,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү

Кийинки жылы аймактарды өнүктүрүүгө 6,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Ага ылайык, жаңы өндүрүштөрдү курууга, жумуш орундарын түзүүгө, ирригацияны өнүктүрүүгө жана калкты таза суу менен камысыз кылууга басым жасалат. Андан сырткары, өлкөнүн алыскы аймактарындагы долбоорлор жана аялдардын ишкердиги унутта… Кененирээк…

“Акжол – унаа жолу” өткөрүү түйүнү оңдоп-түзөөгө жабылат

“Акжол – унаа жолу” өткөрүү түйүнү оңдоп-түзөөгө жабылат. Бул тууралуу анын начальниги Бакытбек Шамурзаев билдирди. Анын айтымында, кайра калыбына келтирүү иштеринин алкагында эки чийиндүү жолду, 4 чийинге чейин кеңейтүү пландалууда.   Андан тышкары, кабиналардын саны көбөйтүлөт. Казакстанга өтүү үчүн “Ак-Тилек”, “Кең-Булуң”, “Чалдыбар” жана “Токмок” түйүндөрү… Кененирээк…

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында шифер заводу ачылды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында шифер заводу ачылды. Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, ишке ал кийинки жылдын башында кое берилет. Долбоордун сметалык баасы 255 миллион сомду түзөт.   Заводдо 120 жаңы жумуш орду түзүлмөкчү. Жалпысынан, аймкактарда бизнести колдоого мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнгөн, — дешти өкмөттөн.

Экономика министрлиги жарым жылга Кыргызстандан буудай жана ун чыгарууга тыюу салуу ниетинде

Экономика министрлиги жарым жылга Кыргызстандан буудай жана ун чыгарууга тыюу салуу ниетинде. Өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ведомстводон билдиришкендей, ушул жылдын октябрь-ноябрь айларында Кыргызстанда ун менен буудайга болгон баа 2-3 сомго жогорулады.   Мунун айынан дүкөндөрдө нан жана макарон азыктарынын баасы дагы көтөрүлдү.  … Кененирээк…

Оштогу аскер бөлүктө келишимдик негизде иштеген кызматкерди ток уруп, ал ооруканага түштү

Оштогу аскер бөлүктө келишимдик негизде иштеген кызматкерди ток уруп, ал ооруканага түштү. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматы билдирди.   Окуя кечээ, 4-декабрда, болду. Гүлчөдөгү №92843 аскер бөлүктүн ефрейтору жана радиотелефонисти жогорку вольттуу электр өткөргүч линиясынын алдынан өтүп бара жатканда радиостанциянын антеннасы аркылуу аралыктан ток… Кененирээк…

Кыргызстандыктар жаңы жылда катары менен 7 күн эс алышат

Кыргызстандыктар жаңы жылда катары менен 7 күн эс алышат. Өкмөт сунуштаган токтом долбоорго ылайык, дем алыш күндөрүн туура бөлүштүрүү максатында 1-январдан 7-январга чейин эс алуу жарыялоо сунушталды.   Ал эми майдын биринен бешине чейин кыргызстандыктар жумушка чыгышпайт. Документ ведомстволордун макулдашуусуна жөнөтүлдү.

Instagram эми катталуучунун жаш курагын сурап баштады

Instagram эми катталуучунун жаш курагын сурап баштады. Болбосо, ал маалыматты Facebook профили менен байланыштырып коет. Жаңы эрежелерге ылайык, басымдуу өлкөлөрдүн колдонуучулардын жашы 13төн кем болбошу керек.   Социалдык тармактын өкүлүнүн айтымында, бул спирт ичимдиктеринин жана башка нерселердин жарнамасына, ошондой эле жаш балдардын коопсуздугуна байланыштуу.