«Манас» эл аралык аэропортунда жаңы стерилдик зона ачылды

«Манас» эл аралык аэропортунда жаңы стерилдик зона ачылды.

Анын башкармалыгынын төрагасы Мурат Примбердиев билдиргендей,

аэропорттун стерилдик аймагын кеңейтүү долбоору 2 жылда ишке ашты.

Анын аянты 1 миң 357 чарчы метрге кеңейтилди.

Анда баардык керектүү жабдуулар, эне-бала бөлмөсү,

ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да шарттар каралды.

Жаңы долбоорду ишке ашырууга 19 миллион сом сарпталды жана ал аэропорттун өз каражатынын эсебинен жүргүзүлдү.

Кошумчаласак, жаңы стерилдик зонанын ачылышы менен аэропорттун эл аралык учуу зонасынын аянты 3 миң 900 чарчы метрге жетти.