Исфана шаарын таза суу менен камсыздоого 5 миллион евро бөлүнөт

Исфана шаарын таза суу менен камсыздоого 5 миллион евро бөлүнөт.

Бул тууралуу  парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Бул багытта «Исфана шаарындагы суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү»

долбоору Жогорку Кеңеште каралды. Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана

өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Келишимдин алкагында 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 5 миллион евро бөлүнөт.

Бул долбоордун алкагында аталган аймакта жашаган 33 миң 900 адамды таза суу менен камсыздоо пландалууда