Кыргызстанда электрондук күндөлүк системасын 2020-жылдын сентябрь айында ишке киргизүү пландалууда

Кыргызстанда электрондук күндөлүк системасын 2020-жылдын сентябрь айында ишке киргизүү пландалууда.

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин өкүлү Расул Маматов билдирди.

Анын айтымында, электрондук күндөлүк долбоору жумушчу режимде өлкө боюнча 70 мектепте иштеп жатат.

Ал эми учурда ушул багытта 7 компания иш алып барууда, — деди Маматов.