Косметикалык каражаттын 90 пайызында адам өмүрүнө коркунуч алып келген микробдор табылды.
Бул маалыматты Астон университетинин медициналык кызматкерлери жарыялашты.
Адистердин айтымында, косметикалык каражаттарда зыяндуу стафилококк таякчалары табылып,
1 миллилитрге миллиондон ашуун бактерия туура келди.
Косметика түрлөрүнүн эң көп микроб алып жүрүүчү деп декоративдик каражаттарды аташты.
Андыктан адистер гигиенаны туура сактоо жана косметика каражаттарын колдонуу мөөнөтү менен пайдаланууну сунушташат.