Twitter тиркемеси эң көп талкууланган темаларды жарыялады

Twitter тиркемеси эң көп талкууланган темаларды жарыялады. Биринчи орунда Нотр-Дамдагы өрт, экинчиде Япониядагы “Хагибис” тайфуну ал эми үчүнчүдө Гонконгдогу нааразычылыктар, климаттыр протесттер аталды. Ошондой эле көп талкууга алынган саясатчы деп АКШнын президент Дональд Трамп жана Россиянын өлкө башчысы Владимир Путин экени белгилүү болду.

1-февралга чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүлөт

1-февралга чейин жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Анын айтымында, жарандын эркиндигин, укуктарын жана жеке мүнөздөгү маалыматтарды мыйзамсыз аракеттерден коргоону камсыз кылуу зарыл.

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасы “Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн дүйнө кубогу» аталышындагы мелдешке катышат

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасы “Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн дүйнө кубогу» аталышындагы мелдешке катышат. Бул максатта Спорттун олимпиадалык түрү дирекциясынын бюджетинен 300 миң сом бөлүндү. Эл аралык мелдеш 11-декабрдан 14-декабрга чейин Россиянын Белоярск шаарында өтөт. Ал эми жыл сайын өтүүчү мелдешке 10дон ашык өлкөнүн спортчулары катышат.

Кыргызстанда 1 миллион 300 миң унаа катталды

Кыргызстанда 1 миллион 300 миң унаа катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Ведомствонун маалыматы боюнча, өлкөдө ишеним кат менен канча киши машине айдап жүргөнү белгисиз. Быйыл 1-декабрга карата 400 миңдей унаа кайра каттоодон өтсө, мурда алар бир жылда 100 миңге жетчү эмес. Жарандар жоопкерчилигин… Кененирээк…

Дүйнөдө эң жаш премьер-министр 34 жаштагы Санна Марин парламентте ант берип кызматка киришти

Дүйнөдө эң жаш премьер-министр 34 жаштагы Санна Марин парламентте ант берип кызматка киришти. Ал буга чейин транспорт министри болчу. Марин саясатка университетти аяктай электе аралаша баштаган. Кошумчаласак, Финляндиянын жаңы премьери украин өкмөт башчысы Алексей Гончарук менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындан бир жаш кичүү.

Кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштурууну убадалап алдаган компания лицензиясынан ажыратылды

Кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштурууну убадалап алдаган компания лицензиясынан ажыратылды. Бул тууралуу Миграция кызматынын маалымат-консультациялык борборунун жетектөөчү адиси Эсенбек Эргешов билдирди. Анда «Арай Глобал» ишканасы Польша, Германия, Финляндия, Израиль, Эстония, Латвия жана Чехия мамлекеттерине жөнөтөм деп ар бир жарандан 800 дөн 1 миң 600 долларга… Кененирээк…

Шаарды туман жана кара түтүн каптаганда гана пахтадан тигилген бет капты тагынуу керек

Шаарды туман жана кара түтүн каптаганда гана пахтадан тигилген бет капты тагынуу керек. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бет капты күн сайын тагынуунун кажети жок. Ошондой эле респиратордук вирустар үчүн эмес, курамы пахтадан болгон бет каптарды тагынуу сунушталат. Кошумчаласак, кышкы жылуулук сезону башталганына байланыштуу Бишкекте абанын… Кененирээк…

Нарын облусунун 42 айылын таза суу менен камсыздоого 33 миллион доллар сарпталат

Нарын облусунун 42 айылын таза суу менен камсыздоого 33 миллион доллар сарпталат. Бул тууралуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев билидирет. Маалыматка ылайык, 31 айылды таза суу менен камсыздоо биринчи транш менен ишке ашат. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда. Бул максатта өкмөт 5,5… Кененирээк…

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада иштеп жаткан төрт киши каза болду

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада иштеп жаткан төрт киши каза болду. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады. Алдын ала маалымат боюнча, Парча-Тоо тилкесинде жайгашкан шахтадан газ чыккан. Кырсыктын кесепетинен 4 жумушчусу ууланып каза тапты. Куткаруучулар көз жумган адамдардын сөөгүн шахтадан чыгарып, туугандарына өткөрүп берген.

Франциялык «ПСЖ» клубу келерки жайда чабуулчу Неймарды 180 миллион еврого сатууга даяр

Франциялык «ПСЖ» клубу келерки жайда чабуулчу Неймарды 180 миллион еврого сатууга даяр. Буга чейин бразилиялык спортчуну алуу боюнча «Барселонадан» франциялык клубга сунуш түшкөн. Бирок, «ПСЖ» ал сунушка макул болгон эмес. Эми «ПСЖ» Неймарды мурункудай 300 миллион эмес, 180 миллион еврого сата турганын айтууда. Белгилей кетсек,… Кененирээк…