Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочу күбөлүктөрү берилип баштады

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочу күбөлүктөрү берилип баштады. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, документтерди алууга жана алмаштырууга арыздар “Унаа” мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынууда.

 

Жаңы күбөлүктөр буга чейинкилерден сапаты менен айырмаланат. Дизайны дагы жакшыртылган. Ал эми аракеттеги айдоочу күбөлүктөрдүн мөөнөтү соңуна чыга элек болсо, аларды алмаштыруунун кажети жок, — дешти ведомстводон.