Time басылмасы “Жыл адамы” наамына талапкерлерди жарыялады

Time басылмасы “Жыл адамы” наамына талапкерлерди жарыялады. Бул ирет кыска тизмеге саясатчылар, активисттер жана башка чөйрөлөрдүн өкүлдөрү кирди. Анын ичинде АКШ президенти Дональд Трамп, Кытайдын лидери Си Цзиньпин, швециялык активист өспүрүм Грета Тунберг жана Facebook компаниясынын жетекчиси Марк Цукерберг  бар.

 

Андан тышкары, Гонкогдогу нааразычылык акцияларынын катышуучулары дагы кирди. “Жыл адамы” ким болгону жакынкы арада жарыяланат.