Бишкекте газ баллон жарылган тез тамактануу жайын иштеткен адам кайрадан камакка алынды. Бул тууралуу ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Эске салсак, 8-ноябрда Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан тез тамактануучу жайынан өрт чыккан.
Кырсыктан 1 адам каза болуп, 12 киши жабыркаган. Тамактануу жайдын ээси камакка алынып, көп өтпөй Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына кое берилген болчу. Тергөө уланууда.