Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы Калкты тейлөө борбору ачылат

Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы Калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, жаңы борбордун аянты 450 чарчы метрди түзөт. Анда паспорт, айдоочулук күбөлүк алууга арыз таштоо жана башка кызматтар көрсөтүлөт. Борбордун ачылышы Прогресс айылында бүгүн өтөт.

Россиянын Ростов-на-Дону шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы коюлат

Россиянын Ростов-на-Дону шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы коюлат. Бул тууралуу Ростов өкмөтүнүн расмий сайтында жарыяланды. Белгилеп кетсек, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов залкар жазуучунун атын көчөгө ыйгаруу тууралуу Ростов облусунун губернатору Василий ГОлубевго сунуштаган.

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук дарыгерлер борбору 2 миллион сомго жакын каражатка оңдолууда

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук дарыгерлер борбору 2 миллион сомго жакын каражатка оңдолууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Мирбек Сагынбаев билдирди. Маалыматка ылайык, медициналык мекеменин биринчи кабаты толугу менен оңдоп түзөөдөн өткөрүлөт. Анда жылуулук системасын жакшыртуу дагы каралды. Ошондой эле эл аралык стандартка… Кененирээк…

Кыргызстандагы мектептерге ишкерлик боюнча сабак программасы киргизилет

Кыргызстандагы мектептерге ишкерлик боюнча сабак программасы киргизилет. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, долбоор эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен иштелип чыкты. Ошондой эле концепцияда колледждин студенттери арасында ишкерлик тажрыйбасын өнүктүрүү каралды. Маалымат боюнча Улуттук концепция 2020-жылдын соңунан тарта кесиптик билим берүү системасына киргизүүгө даяр болот.

Ысык-Көл облусунда жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында рейд жүрдү

Ысык-Көл облусунда жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында рейд жүрдү. 2-декабрдан 10-декабрга чейин өткөрүлгөн иш-чарада жалпы 1 миң 500 айдоочуга протокол түзүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, 25 айдоочу мас абалда унаа башкарып бара жатканда кармалды. Андан тышкары 12 айдоочу унааларын техникалык кароодон өткөргөн эмес. Ал эми 29 айдоочунун… Кененирээк…

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясына расмий сапар менен барат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Маалыматка ылайык, анда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, спорт, билим берүү, ошондой эле социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. Ошондой эле, өлкө башчы Сауд… Кененирээк…