Жогорку Кеңеш айрым жол эрежесин бузуулар үчүн айыптарды төмөндөтүүнү жактырды

Жогорку Кеңеш айрым жол эрежесин бузуулар үчүн айыптарды төмөндөтүүнү жактырды. Кеп, жол белгилерине баш ийбөө, аялдама эрежесин бузуу, унаалар ортосундагы коопсуз аралыкты сактабай коюу жана жол кесилиштерин туура эмес өтүү тууралуу болуп жатат.

 

Бул бузуулар үчүн айыптар 3 миңден 1 миң сомго чейин түшүрүлөт. Анын ортосунда, жасалма номур тагуу үчүн айып 20 миң сомго чейин көбөйтүлдү. Өзгөртүүлөр президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.