“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында салынган айыптардын жарымы төлөндү

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында салынган айыптардын жарымы төлөндү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

 

Анын айтымында, камералар иштеп баштагандан бери жол эрежесин бузуулар үчүн   873 миң токтом чыгарылса, анын 448 миңи боюнча айыптар төлөндү. Жалпы сумма 534 миллион сомду түзөт. Саркулов белгилегендей, айыптарды төлөбөй жүргөндөрдөн аны өндүрүү боюнча аракеттер көрүлүүдө.

 

Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Айыптар 4-марттан тарта салынып жатат.