Ала-Тоо аянтында башкы балатыны жандыруу аземине карата борбордук көчөлөр тосулат. novosti.kgе Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, Чүй проспектисинин Эркиндик-Панфилов бөлүгү кыймылга жабылат.
Ошондой эле, чектөөлөр Орозбеков, Раззаков көчөлөрүндө киргизилет. Эске салсак, 13-декабрда кечинде Ала-Тоо аянтында башкы жаңы жылдык балатыны жандыруу аземи өтүп, кече концерт менен коштолот.