Кыргызстанда Бирдиктүү депозиттик эсептен 15 мектеп курууга 799 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Эркин Абдыразаков билдирди.
Анын айтымында, каражатка Бишкекте 7, Чүйдө 7, Ош облусунда бир мектеп курулат. Депозиттик эсеп 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен ачылган. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.