Бишкектин көчөлөрүнө жана тротуарларына 83 тонна техникалык туз себилди

Бишкектин көчөлөрүнө жана тротуарларына 83 тонна техникалык туз себилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Иштер түндө жүрүп, 11 атайын техника жана 10 кар тазалоочу унаа тартылды.

 

Учурда Бишкекте жолдорго туз себүү жана көчөлөрдү карлардан тазалоо үчүн 700 жумушчу штаттык режимде иштеп жатат.