Жал кичи районунда жакынкы арада жаңы спорт аянтчасы пайда болот

Жал кичи районунда жакынкы арада жаңы спорт аянтчасы пайда болот. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, куруучулар футбол талаасын ирээтке келтирип,   19 машыгуу шаймандарын орнотушту.

 

Тосмолорду тургузуп, жарык берүү системасын орнотуп, таман таштарды төшөө иштери жүргүзүлүп жатат. Спорт аянтында ошондой эле, отургучтар менен эс алуу аймагы дагы пайда болот. Аянт ушул айдын соңуна чейин ачылып калат.