Бишкекте 375 балага эсептелген мектептерде 2 миңден ашык бала билим алат.
Бул тууралуу Турак-жай курулуш департаментинин Чүй облусу боюнча капиталдык
курулуш башкармалыгынан билдиришти. Алардын бири Орок айыл аймагындагы
мектепте балдар 4 нөөмөттө окуп жатат, андай көрүнүш көпчүлүк мектепте бар.
Учурда ички миграцияга байланыштуу Бишкекте жана ага жакын аймактардагы
мектептерде окуучулар жык толуп билим алууда – дешти башкармалыктан.