Токмоктун маданият үйү 10 миллион сомго капиталдык оңдоодон өтөт.
Бул тууралуу Чүй облустук өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка караганда,
жалпы сумманын 4 жарым миллион сому мэриянын бюджетинен бөлүнөт.
Калган 5 жарым миллион сому Чүй облустук өнүктүрүү фондунан берилди, дешти уюмдан.