Евробирикме Кыргызстанга билим берүү тармагын колдоо үчүн 8 миллион евро бөлүп берди

Евробирикме Кыргызстанга билим берүү тармагын колдоо үчүн 8 миллион евро бөлүп берди. Каражат өкмөттүн казналык эсебине түштү. Акча мектептерге Интернет өткөрүүгө жана китептерди сатып алууга багытталат.

 

Кошумчалап кетсек, Кыргызстанга бюджеттик колдоо Евробирикменин 2014-20-жылдарын камтыган көп жылдык программасынын алкагында жасалууда.