“Инфоком” мамлекеттик ишканасы 3 жыл ичинде 3 миллиондон ашык паспорт чыгарды. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, бул статистикага жалпы жарандык, дипломатиялык, кызматтык жана 2004-2017-жылдардагы ID-карталар кирет.
Анын ортосунда, Мамлекеттик каттоо кызматынан белгилешкендей, документтерди жоготуу учурлары дагы көбөйүүдө. Алсак, 3 жылда 160 миңден ашык паспорт жоголду деп саналат. Ал эми 12 миң даана документ бузулган. Андан улам, ведомство жарандардын өздүгүн тастыктаган документтерге олуттуу мамиле кылууга чакырат.