2020-жылдан тартып ЖРТга кыргыз тили жана адабияты боюнча кошумча предметтик тест киргизилет

2020-жылдан тартып жалпы республикалык тестирлөөгө кыргыз тили жана

адабияты боюнча кошумча предметтик тест киргизилет.

Бул филология багытына тапшырууну каалаган абитуриенттерге тиешелүү.

Билим берүү министрлигинин мектептен тышкары бөлүм башчысы

Марат Үсөналиевдин айтымында, бүтүрүүчүлөрдүн 70 пайыздан кѳбүрөѳгү

ЖРТны кыргыз тилинде тапшырышат. Анткени 2002-жылдан бери эле

тестирлѳѳнүн негизги предметтери кыргыз тилинин практикалык грамматикасы

деген бѳлүктѳр. Ошондой эле башка предметтер боюнча кошумча

тесттер кыргыз тилинде тапшырылат», — деди Үсөналиев.