Кыргызстанда бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берилди

Кыргызстанда бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берилди. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, мектепке чейинки билим берүү уюмдары аймактардагы эпидемиологиялык  кырдаалга карап, балдардын жана мугалимдердин ден-соолугуна жана ѳмүрүнѳ коркунуч келтирбеген шарттарда ишмердүүлүк жүргүзө алат.

 

Бирок аларга аймактык Санэпидем кѳзѳмѳл  борборлору жана жергиликтүү бийлик органдары текшерүүдөн кийин уруксат бериши керек. Ар бир бала бакчада санитардык талаптар аткарылышы шарт, — деди Жусупбекова.