1-класска барчу балдарды каттоонун акыркы күнү 15-август.
Ата-эне алгач mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу тиешелүү бөлүмдөрдү
толтурат «Статистика» деген бөлүктө ар бир мектеп, анын дареги,
1-класска канча квота берилгендиги тууралуу маалыматтар бар.
Бул бөлүктөн каалаган мектепте 1-класска канча орун калганын билсе болот.
Кошумчаласак, былтыр Бишкектин мектептери 1-класска барчу балдарды
электрондук түрдө каттаса, быйыл бул долбоор Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя,
Токмок жана Кара-Балта шаарларында иштей баштады.